pregnancy-burning_1440

Кош бойлуулук учурунда тиш дарылоо

Мазмуну:

  • Жаман тиштер түйүлдүккө кандай таасир этет?
  • Оптималдуу убакыт
  • Кош бойлуулук учурунда тиш дарылоонун өзгөчөлүктөрү
  • Анестезия
  • Тишти жулуп алуу
  • Медициналык терапия

Тиш доктурга канчалык үзгүлтүксүз барсаңыз, кош бойлуу кезде тишиңиздин ден соолугун сактоо ошончолук оңой болот. Пландаштыруу стадиясында тиштериңиздин денинин сактыгына коңул бурууңуз керектелет, адистин менен кеңешип орун алган көйгөйлөрдү чечүү сунушталат. Бирок, бул үчүн убакыт жок болсо, эч кандай катастрофа эмес, дарылоокош бойлуулук учурунда жүргүзүлүшү мүмкүн – эң башкысы тиш дарылоону кийинкиге калтырбаңыз.

Жаман тиштер түйүлдүккө кандай таасир этет?

Кош бойлуу кезинде гингивит (тиштин этининин сезгениши) жана тиште кариестин пайда болуу коркунучу бар. Ал эмне менен байланыштуу?

Тиш этинин каноосу же гингивит көбүнчө кош бойлуулуктун экинчи же үчүнчү айында организмде гормоналдык өзгөрүүлөр болгондо пайда болот, бул дагы бактериялардын көбөйүшүнө алып келиши мүмкүн. Гингивитте катуу тамакка кичине тийгенде тиштер шишип, кан кете баштайт. Кеңири таралган жаңылыштык – гингивитке кабылганда болочок энелердин тиштерин дагы бир жолу кыжырдантпоо үчүн тиштерин азыраак жууй башташат. Тескерисинче, тишиңизди канчалык аз жуусаңыз, тишиңиз ошончолук көп канайт. Эң негизгиси кабатыр болбоңуз. Ар бир тамактан кийин тишиңизди акырын тазалоону улантыңыз, тиштин каноосуна каршы тиш пастасы, антисептиктерди колдонуу зарылдыгы жөнүндө тиш доктуруңуз менен кеңешиңиз. Ошондой эле ооз чайкоочу каражаттарды колдонсоңуз болот1.

Дагы бир жалпы көйгөй – кариес. Кош бойлуу аялдарда шилекейдин курамы өзгөрөт: эгерде анын курамында адатта тиш эмалын бекемдөөчү жана коргоочу заттар бар болсо, азыр алардын саны азайып, эмаль дагы алсыз болуп калат.

Биринчи триместрде көбүнчө жүрөк айлануу, зарна жана рефлюкс пайда болот, бул да тиштин эмалына терс таасирин тийгизет. Кускандан кийин (кусунун курамында эмалды жок кылуучу кислота бар) оозду фторид, сода эритмеси (бир стаканга 1 чай кашык) же жөн эле суу менен чайкаңыз. Бирок тишиңизди приступ болгондон кийин эмес, эмал бир аз калыбына келгенде 30 мүнөттөн эрте эмес жууган жакшы2. Ал эми эң негизгиси, кариес пайда болсо, дароо тиш доктурга кайрылыңыз.

Оптималдуу убакыт

Кош бойлуу болгонго чейин тиш доктурга көрүнүүгө үлгүрбөсөңүз, кубанычтуу кабарды укканда дароо кайрылыңыз – эч жериңиз оорубаса дагы. Тишиңизди текшериңиз, көптөн бери кийинкиге калтырып жүргөн нерселердин бардыгын дарылаңыз. Дарыгер сиздин абалыңыз тууралу эскертүү керек. Анын негизинде ал азыр кайсы процедураларды жасоону жана кайсынысын төрөттөн кийинки мезгилге же экинчи триместрге калтырууну чечет.

Биринчи триместрде баланын ички органдары жана ткандары төшөлөт. Ошондуктан, алгачкы айларда эң зарыл болгон – кариес, пульпит, пародонтит жана ушул сыяктуу инфекцияларды гана дарылоо сунушталат. Кабатыр болбоңуз: сиз үчүн да, төрөлө турган бала үчүн да ооруга жана микробдорго караганда дарыгердин кийлигишүүсү алда канча жакшы.

Үчүнчү триместрде тиш доктурга барганда. Дарыгер катуу ооруну эрте төрөткө алып келиши мүмкүн экенин эске алуу керек. Ал эми олуттуу хирургиялык кийлигишүү, протездөө, атайын химиялык заттардын жардамы менен агартуу, мындай процедураларды төрөттөн кийинки мезгилге калтыруу жакшы.

Кош бойлуулук учурунда тиш дарылоонун өзгөчөлүктөрү

Кош бойлуу кезинде тиш дарылоону баштоо керекпи же жокпу деген чечим дарыгер тарабынан кабыл алынышы керек. Ал оң жана терс жактарын таразалап, сиздин организмиңиз үчүн кандай чоң стресс болорун чече алат – олуттуу дарыгерлик жана медициналык кийлигишүү же дарыланбаган тиштен чыдагыс оорусун – кандай чоң стресс болорун чече алат

Анестезия

Көптөгөн адамдар кош бойлуу кезде анестезия тью салынат деп ойлошот, ошондутан кош бойлуу кезде дарыгерге баргандан коркушат. Бул дөн гана миф. Заманбап илим кош бойлуу кезде тиштерди наркозду колдонуу менен дарылоого болот деп эсептейт. Заманбап каражаттар көбүрөөк кыймылга багыттуу болуп баратат, алар өз функцияларын гана аткарышат, бул тиштерге жана тиштин этине гана таасир этүүчү локалдык анестезия, ошондой эле плацентардык тосмодон өтпөгөн. Дарыгериңизге кош бойлуулук жөнүндө жана так датасын айтыңыз,ошондо ал коопсуз препараттарды колдонот.

Жана дагы бир пайдасына анестезия аргумент: катуу оору болгондо организм өзү керексиз адреналин өндүрөт, ошондуктан бир гана медициналык кийлигишүүдөн коркконуңуз үчүн катуу ооруга жол бербеш керек.
Дагы бир жалпы тынчсыздануу рентген нурларына тиешелүү. Белгилүү бир кырдаалда сүрөткө түшпөстөн жасоо керекпи же жокпу деген чечимди дарыгер кабыл алышы керек. Эгерде дарыгер дагы эле рентгенди жазып коюуну чечсе, кабатыр болбоңуз – чындыгында, түйүлдүккө зыян келтирүү коркунучу өтө аз. Биринчиден, тишиңизди сүрөткө тартып жатканда дарыгер атайын коргоочу жапкычты кийгизет. Экинчиден, дозасы минималдуу жана тишке гана багытталган болот.

Тишти жулуп салуу

Албетте, тиш жулууну төрөттөн кийинки мезгилге жылдыруу жакшы. Бирок төрөттү күтпөстөн тишти алып жулуп жакшы болгон учурлар бар. Мисалы:

Тиш этининин инфекциясында, тиш эттин ичинде кармалбай калганда, катуу ооруну күчотүшү мүмкүн. Тамак-аштын калдыктары инфекцияны пайда кылышы мүмкүн. Бул катуу ооруну пайда кылат. Акыл тиш сыяктуу жаңы тиштин өсүшү. Кээде оору ушунчалык чыдагыс болгондуктан, дарыгер тишти жулуп салууну чечиши мүмкүн. Мындай учурларда, дарыгер эң аз зыяндуусунан башташы керек: оору же медициналык кийлигишүү. Бул жерде эч кандай жалпы бир рецепт жок, ар бир учурда дарыгер көйгөйдү жана кош бойлуулуктун убактысын эске алуу менен маселени жекече чечет. Андыктан эң башкысы сиз ишенген дарыгерди тандоо.

Медициналык терапия

Биз билгендей, болочок эненин тиштерин дарылоо мүмкүн жана зарыл, айрыкча катуу тиш ооруу олуттуу инфекцияларды, ал тургай, эрте төрөттү козгойт. Эң негизгиси, көрсөтмөлөрдү кылдаттык менен окуу: кош бойлуулук учурунда баш тартуу керек болгон дарылар бар:
Тетрациклин антибиотиктери, атап айтканда доксициклин. Дарыгерлерде атүгүл “тетрациклин тиштери” деген термин бар – тиш эмалынын бул сары боз түсү энелери кош бойлуу кезде тетрациклин антибиотиктерин кабыл алган ымыркайларда кездешет. Мындай көйгөй менен активдүү тазалоо да, агартуучу тиш пастасы да жардам бербейт, адиске кайрылууга жана лазердик агартууну жасоого же венир коюуга туура келет. Мындан тышкары, тетрациклин антибиотиктери түйүлдүктүн жалпы өнүгүүсүнө өтө терс таасирин тийгизет, ошондуктан кош бойлуу аялдарга таптакыр каршы көрсөтүлөт3.

Аминогликозиддер кош бойлуу аялдарга өзгөчө учурларда дайындалат, анткени алар угуунун өнүгүшүнө таасир этет, дүлөйлүккө алып келиши мүмкүн. Кошумчалай кетсек, сульфаниламиддер, макролиддер, фторхиналондор, пириметамин жана башка көптөгөн микробго каршы препараттар кош бойлуу кезде каршы көрсөтүлөт же чектөөлөр менен колдонулушу мүмкүн5.

Андыктан тиш доктуруңузга тийиштүү дарылоону дайындоосу үчүн ар дайым өзүңүздүн абалыңыз тууралуу эскертип туруңуз. Ошондой эле бул тууралу комментарий бере турган гинекологуңуздан кеңеш алганыңыз оң.

Билүү кызыктуу

Элевит Пронаталь нускама

Инструкция по медицинскому применению лекарственного препарата «Элевит® Пронаталь» Регистрационный номер: П N015935/01